26.06.2019 13:07

Биз «Эркин микрофон» акциясын токтотууга аргасызбыз!

Биз «Эркин микрофон» акциясын токтотууга аргасызбыз!

«Медиа Форумдун» алдында «Эркин микрофон» акциясынын жүрүшүндө чагымчылдардын кесепетинен аз жерден мушташ чыгып кете жаздады. 

Акция баардык каалоочуларга өлкөдөгү абал, мыйзамсыздык жана саясий куугунтуктоо тууралуу өз ойлорун билдирүү мүмкүндүгүн берүү максатында уюшулган.

«Медиа Форум» имаратынын алдында телекамера иштеп, сүйлөгөндөрдүн сөздөрү  «Апрель» телеканалынын эфиринен кетип жаткан.

Орто жолдон чагымчылдык кылгандар болуп, чогулгандар арасында аз жерден мушташ чыга жаздады. Мындан улам, биз акцияны токтотууга аргасыз болдук. Кимдир-бирөөнүн жапа чегип калышын каалабайбыз.

Сурооңуздар болсо, (0312) 533-311 жана 0505 22 55 22 номери аркылуу байланышка чыгып, түз эфирде конокторго бере аласыздар. Ошондой эле, биздин Facebook баракчаларыбызда жана YouTube каналыбыздагы трансляция учурунда өз пикириңизди калтыра аласыз.